16-июндан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттайт. «Поездде панорамалык терезелер, кондиционер, муздак жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот»,-деп айтылат маалыматта.
Поезд Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де барат.
Ал эми «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөгөн поезд «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.
3-июнь: Аба-ырайы тууралуу маалымат
Жум Июн 2 , 2023
Кыргызгидромет билдиргендей, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/1.jpg)