Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун маданият күндөрү башталды

Wp Pw

12-13-июнда Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 12-июнда саат 14:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү, 15:00до А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Түрксой» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү өтүп, бир катар инсандарга уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

Next Post

Өрт космостон көрсөтүлдү

«Казакстан Гарыш Сапары» Улуттук компаниясы Казакстандын Абай облусундагы табигый өрттүн космостогу сүрөттөрүн тартуулады. Улуттук компаниянын маалыматы боюнча, өрт 8-июнь күнү саат 11:23тө «Семей Орманы» коругунун Батпаев токой чарбасынын аймагында башталган. Аянты 34 миң гектарды түзөт. Бородулиха районунун Барышевка, Успенка жана Поднебесное айылдары өрт аймагына түшкөн. Тилсиз жоо менен күрөшүүдө Успен […]