Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт

Автор

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Иш-чара 20-апрелде башталып, 25-апрелге чейин созулат.

 

Жумалык 20-апрелде саат 10:00дө Абдылам Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш-чара менен башталат.

 

Музыка жумалыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте өткөрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

19-апрелде күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;   […]

Сизге жагышы мүмкүн