Бишкекте “Мектептер-2030” глобалдык форуму өтүүдө

Автор

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Мектептер-2030” глобалдык форуму өтүүдө.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган форумдун максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим берүү системасын күчтөндүрүү болуп саналат.
Форумга 35 өлкөдөн жалпы 250дөн ашык делегаттар катышууда.
Анын алкагында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жарандык активисттер, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик органдардын ортосунда талкуулар жүргүзүлөт.
Глобалдык форум бардык катышуучулардын ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аянтча болмокчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Ымыркайдын терисин кургак кармаңыз? Сунуштар

Жалаяк (памперстерди) ар 2 саат сайын алмаштырып туруу керекпи? Теринин дүүлүгүүсүн алдын алуу жана ымыркайдын терисин кургак кармоо үчүн жалаяктарды 2 саат сайын алмаштырып туруу сунушталат. Бир памперсте көпкө туруу теринин нымдалышына жана исиркектерге алып келиши мүмкүн. Эң жакшы памперстер кайсылар? Мыкты памперстерди тандоо баланын жеке каалоосуна жана муктаждыгына жараша […]

Сизге жагышы мүмкүн