Бишкекте көмүрдүн баасы канчадан болууда?

Автор

Борбор калаада көмүрдүн 1 тоннасы канча сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 6000 сом болсо, ал эми Кара-Жыра жана Шабыркүл көмүрлөрүнүн тоннасынын баасы 6 миң 200 сом болууда.

Учурда көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында Октябрь райондук акимчилиги жана Монополияга каршы кызматы тарабынан көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Монополияга каршы кызматы текшерүүнүн алкагында Путепроводная көчөсүндө жайгашкан көмүр кампасынын ээсине таразаларына күбөлүгү жок болгондуктан 5 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салган.

Белгилей кетсек, тиешелүү иштер борбор калаанын башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

 Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өткөрүлдү

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин 720 батири жакындарынын өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев билдирди. Анын айтымында, сөз курулуш иштери 2027-жылга белгиленген бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле ал муну менен катар 2023-жылдын 10 айында 38 […]

Сизге жагышы мүмкүн