reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттери жолугушту

Son Güncelleme :

22 июня 2023 - 10:44

reklam
Бишкекте Кыргызстан жана Германия президенттери жолугушту
reklam

Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Германия мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Белгилей кетсек, Германиянын президенти күн мурун Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

reklam