Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөйт

Автор

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча кырдаалды түшүндүрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров: “Бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?” деген суроо берген.
Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков суроого жооп берип жатып азыркы тарифтер менен автобустар өзүн актабай турганын белгилеген.
“Андай учурда тарифти көтөрүү керек, эгер тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болот”,- деп кошумчалаган Байгончоков.

Бөлүшүү:
Next Post

Таттуунун зыяндары

Таттууну көп жесеңиз, ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн: 1. Семирүү коркунучу жогорулайт: канттуулугу жогору тамак-аштар адатта калорияга бай, бул ашыкча салмактын топтолушуна жана семирүүнүн өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. 2. Кант диабетинин өнүгүү коркунучу: кантты көп ичүү кандагы канттын деңгээлин көтөрүп, 2-типтеги кант диабетине чалдыгуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн. 3. Тиштин […]

Сизге жагышы мүмкүн