Бишкекте КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өтүүдө

Автор

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Ассамблеянын күзгү сессиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин сунушу менен Кыргызстанда өтүп жатат.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги жыйындарына Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга КМШ ПАА мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер келишкен.

КМШ ПААнын 56-пленардык отурумда экология, коопсуздук жана укук жаатындагы бир катар моделдик мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда. Ошондой эле Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентчилеринин делегациялары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде орус тилинин улуттар аралык баарлашуунун тили катары ролун талкуулашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте шахмат боюнча "Шериктештик кубогу" өтөт

Эртең, 18-ноябрда Бишкекте Шахмат боюнча ышкыбоздор арасында “Шериктештик кубогу” турнири өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешти УКМК Кыргыз шахмат союзу тарабынан уюштурулуп, КР укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү арасында өткөрүлөт. Турнир интеллектуалдык спортту, анын ичинде шахматты өнүктүрүү жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн