Бишкекте кайрадан көчөгө ташталган ымыркай табылды

Автор

Бишкекте кайрадан ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу  Ленин РИИБ тастыктады.

Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына Арча-Бешик конушунда, Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин тосмосуна жакын жерде желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда ымыркай (эркек бала) ооруканада, баланын абалын төрөт үйүнүн кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте орточо айлык маяна 38 миң сомду түздү

Быйыл октябрь айында Бишкекте орточо айлык маяна 38 миң 814 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылды. Маалыматка ылайык, Астанада орточо айлык акы 948,2 долларды, Минскиде 799,1 долларды, Москвада 1275,2 долларды түзгөн. Белгиленгендей, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз айлык Бишкекте. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн