Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда

Автор

Бишкекте дагы бир бейтапка боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында өтүп жатат. Кыргызстандык дарыгерлерге түркиялык адистер көмөктөшүүдө.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан”, – деп билдирди.
Эске салсак, күн мурун Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. 9 саатка созулган операциядан кийин бейтаптын жана донордун абалы туруктуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Иран киносунун жумалыгы башталат

Бишкекте үч күн боюу ирандык тасмалар акысыз көрсөтүлөт.Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт. Кинофестиваль 11-15 июнда уюштурулат. Иш-чарада ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө тартууланат: 12 июнь: – 13:30 — “Алдын ала келишим жок” (2022), режиссер Бехруз Шоайби; 13 […]

Сизге жагышы мүмкүн