Бишкекте грек рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Автор

Бишкекте И.В.Панфиловдун жаркын элесине жана Улуу жеңиштин 78 жылдыгына арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 6-8-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Немис бийлиги Навальныйды бошотууну талап кылды

Немис бийликтери орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйды абактан бошотууну талап кылды. Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Кристиан Хоффман немис өкмөтү орус бийлигинен Алексей Навальныйды жана башка саясий туткундарды тезинен бошотууну талап кылып жатканын билдирди. Ошондой эле Германиянын Навальныйды дагы бир жолу тосуп алууга даяр экенин белгиледи. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн