Бишкекте “Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө

Автор

Бишкекте “Алыкул фест” Арт фестивалы А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында уланууда. Бүгүн иш-чаранын алкагында сынактар өтүп жатат.
Алар:
– Алыкулга арналган ырлар;
-Алыкул Осмоновдун ырларына жазылган обондор жана мыкты аткарылган чыгармалар;
-Алыкулдун поэзиясынын башка тилдерге котормолору;
-Алыкулдун элесине арналган эссе-баяндар;
-ЖОЖ, колледж жана мектеп мугалимдеринин арасында А.Осмоновдун чыгармаларын окутуу боюнча илимий-методикалык иштелмелер;
-А. Осмонов жөнүндө жазылган соңку мыкты илимий макалалар;
– живопись;
-графика;
– скульптура номинацияларында сынактар өтүүдө.
Фестивалда кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармаларын тектеш түрк элдерине жана кыргыз окурмандарына пропагандалоо, акындын өмүрү жана чыгармачылыгын кыргыз журтчулугуна кеңири тааныштыруу, анын туулуп – өскөн Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы А.Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексине экспонаттарды, адабий, илимий маалыматтарды кеңири топтоо, адабият жана маданият аркылуу Чүй облусунун аймагында туризмди кеңири жайылтуу максатында адабий, маданий, илимий чыгармалардын, сүрөт, скульптура, кол өнөрчүлүк сынактарын камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта рыногуна 6 млн 650 миң доллар сатты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, бул жолу доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды Маалыматка ылайык, валюта рыногуна 6 млн 650 миң АКШ доллары сатылды. Муну менен банк март айынан бери базарга биринчи жолу доллар сатып жатат. Жаңы жылдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси базардан тогуз жолу доллар сатып […]

Сизге жагышы мүмкүн