Бир аптада 161 мас айдоочу аныкталды

Wp Pw

Кыргызстанда акыркы жумада 18 миң 627 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 229;

мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 161;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 36;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 423;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-5288;

авто ээнбаштык — 11;

белгиленген ылдамдыктан ашуу- 2940;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9539;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Next Post

Сууну аз ичкен адамдын организми кандай өзгөрөт?

Сууну аз ичүүдөн жаралган көйгөйлөр тууралуу диетолог Агата Ахметдинова баа жеткис кеңештери менен бөлүштү. «Организмде суунун жетишсиздиги биринчи кезекте бөйрөктүн ден соолугунун начарлашына алып келет, тынымсыз баш ооруну, тери кургап, булчуңдардын кысылуусун жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларын пайда кылат. Кошумчалай кетсек, бир аз убакыт өткөндөн кийин мээ сууну “чектей” баштайт […]