

2023-жылдын биринчи кварталы боюнча бир кишиге керектелүүчү орточо каражат 7501 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта жашоо минимуму эмгекке жарамдуу адамдар үчүн 8363 сом, пенсия курактагыларга 6650 сом ал эми жаш балдар үчүн 6514 сом деп эсептелген.