reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Son Güncelleme :

26 июня 2023 - 11:39

reklam
Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
reklam

Бүгүн, 26-июнда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.

Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Мектепке электрондук каттоодо мыйзамдуу жеңилдикке (артыкчылыкка) ээ болгон жарандар бар.

Алар:

Аскер кызматкерлеринин балдары;

Кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар;

Үстүбүздөгү жылдын сентябрына карата бир жылдан кем эмес мектепте иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдарына.

Аталган жарандар аскер кызматында, мектепте иштегенин жана кайрылман статусу бар экендигин тастыктаган маалыматкатты тиркөөгө тийиш.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот:

https://mektep.edu.gov.kg/faq?type=SCHOOL

reklam