reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Билим берүү тармагын ваучердик каржылоого өткөрүү сунушу жактырылды

Son Güncelleme :

22 июня 2023 - 11:53

reklam
Билим берүү тармагын ваучердик каржылоого өткөрүү сунушу жактырылды
reklam

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору экинчи окууда кабыл алынды.

Сунушталган мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек улуу «12 жылдык билим берүүгө өтүүгө бизде шарт жок. Ал боюнча коомчулуктан колдоо табалбайбыз. Мындай система 136 өлкөдө иштейт. Бизде болсо, 12 жылдык окутуу боюнча так чечим кабыл алына элек»,- деп билдирди Расул Авазбек уулу.

Талкуу маалында  депутаттар Надира Нарматова, Айбек Осмонов ваучердик системанын өзгөчөлүктөрүн такташты. Кызуу талкуудан кийин мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

reklam