reklam
reklam
hava 23° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады

Son Güncelleme :

31 мая 2023 - 13:55

reklam
Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады
reklam

31-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн-Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сураган катын жолдоду. Төрага Нурлан Шакиев билдиргендей, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду КР кылмыш жаза кодексинин 36-беренесиндеги 278-беренесинин 1-пунктундагы жана 36-беренесиндеги 326-беренесиндеги кылмыштарды жасагандыгы үчүн жана 338-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.
Депутат Адахан Мадумаров «эмне, Кыргызстандын суусун ичип коюпмунбу же, абасынан дем алып коюпмунбу»,- деп сурады эле төрага «комиссия түзүлүп, добуш берүүгө келгенде сиз да, Курманкул Зулушев да сүйлөйсүздөр»,- деп жооп берди.

reklam