Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

Wp Pw

Бүгүн, 24-майда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында өткөн.

Анда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү. Аны менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Ошондой эле тараптар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагын да талкуулашты.

Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Next Post

25-майга карата аба ырайы

Эртең, 25-майда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,   Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,   Ош, […]