Баткендин губернатору колго түшкөн кеңешчиси тууралуу үн катты

Автор

Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев укук коргоо органдары тарабынан 200 миң доллар алып жатканда колго түшкөн жардамчысы Талант Мамытов боюнча оюн билдирип, кайрылуу жолдоду. Ал мыйзам баарына бирдей экенин, окуяга сот баасын берээрин, бул окуя Баткен жергесинде аткарылып жаткан жакшы иштерге көлөкө түшүргөнүн баса белгиледи.

“Мен 1.5 жылдан бери Мамытов Талант менен иштешип келатам. Иш учурунда анын мыйзамды бузган терс тарабын көргөн жокмун. Бирок, өлкөбүздө коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатканда анын колго түшүшү үй-бүлөсүн, жакындарын ошондой эле мени да өкүндүрбөй койбойт”,- деди губернатор.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМКнын төрагасы эл өкүлүн эмнеге какты?

“Түндүктөн Ош жана Баткен тарапка фит минип кызматка баргандар 4-5 айдын ичинде эле джип минип жатышат. Ушуларга да көңүл буруп койсок”,- деди Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында. Депутаттын айтканына УКМК төрагасы жооп берип, “сөз менен айта бергенди токтотуш керек. Эгер кайсы бир кызматкер боюнча далилдериңиз бар болсо, бериңиз. […]

Сизге жагышы мүмкүн