reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Баткендик ишкерлерди колдоого 90.3 млн сом каралган

Son Güncelleme :

06 апреля 2023 - 15:47

reklam
Баткендик ишкерлерди колдоого 90.3 млн сом каралган
reklam

Баткен облусунунда 2023-жылга жабыркаган ишкерлерге кредиттик каражаттарды берүүгө республикалык бюджеттин эсебинен 90.3 млн сом суммасында акча каражаттары каралган. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

 

Каражаттар жабыр тарткан ишкерлерине зыяндын ордун толтуруу максатында берилет.

 

Такталгандай, Финансы-кредиттик фонддун кызматкерлери Баткен облусунун Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 212 жабыркаган субъекттер менен жумуш алып барып, 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишти.

 

Азыркы учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражаттарды берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.

reklam