

“Бай-Түшүм» Банктын 50.75% акциялары Жумабек Салымбековго сатылды. Калган акционерлердин курамы өзгөрүүсүз калды.
«Бай-Түшүм» 2000-жылы финансылык фонд катары түзүлгөн. Кийинчерээк микрофинансылык компанияга айланган. Ал эми 2012-жылы коммерциялык банк катары лицензия алган. Жумабек Салымбеков Кыргызстандын белгилүү ишкери, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун тууганы.