Байден Түндүк Кореянын “режими” качан бүтөөрүн айтты

Wp Pw

Түндүк Корея АКШга же анын союздаштарына ядролук чабуул жасаса, анда Түндүк Кореядагы режим токтойт. Мындай билдирүүнү АКШнын президенти Жо Байден жасады.
Американын лидери Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл менен жолугушууда АКШ Түштүк Кореяда суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар боюнча келишимге кол койду. Мындай макулдашуу 40 жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу түзүлдү.
Байдендин айтымында, бул чара Түндүк Кореядан коркунучтар күчөп жаткан жана АКШнын санкцияларын ачыктан-ачык бузуп жаткан шартта маанилүү.
Мурдараак Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын анын өлкөсү АКШ менен Түштүк Кореянын ыктымал коркунучтарына бирдей жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Next Post

Аракты алгач кимдер ойлоп тапканын билесизби?

Алкоголь сөзү араптын “аль кухл” сөзүнөн келип чыккан. Кыргызчага которгондо мас кылуучу, баш айлантуучу ичимдик дегенди билдирет. Аны алгачкы ирет ойлоп тапкан адам Абу Муса Ибн Хайян. Ал алхимик, дарыгер, фармацевт, математик  жана астроном. Тарых китептери аны Тус шаарында йемендик үй – бүлөдө туулганын кабар берет. Ал орто кылым Европасында […]