Африкалык тынчтык демилгесинин өкүлдөрү мүмкүн болгон аракеттерди көрөөрүн билдиришти

Автор

Киевге бир нече африкалык мамлекеттердин лидерлери келишти.  Африкалык тынчтык демилгесинин өкүлдөрү Украина менен Россияга мүмкүн болгон сүйлөшүүлөр үчүн негиз сунуштоого даяр экенин билдиришти.
Ошол эле маалда украин тараптын билдирүүлөрүнө ылайык, сапар учурунда Киев ракеталык аткылоого дуушар болгон.  Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба муну “Россиянын Африкага билдирүүсү” деп атады.
Согуш бүтүндөй Африкага олуттуу таасирин тийгизди. Анткени Россия менен Украина азык-түлүк жана жер семирткичтерди эң ​​ири жеткирүүчү болгон.  Ошону менен бирге Түштүк Африка Республикасынын Президентинин администрациясы континенттин чегинен тышкары жерде куралдуу кагылышууну токтотууга аракет кылуу учун Африканын ушунча кеп сандаган өлкөлөрү биринчи жолу бирдиктүү фронт катарында аракеттенип жаткандыгын баса белгилейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Банкты тоноо аракетинин чоо-жайы айтылды

Kaspi.kz компаниясынын маалыматына караганда 18-июнда Астанадагы Kaspi.kz филиалына куралчан адам кол салып, кызматкерлерди коркутуп-үркүткөн. “Коргоочулар көрсөтмө боюнча дароо дүрбөлөң кнопкасын иштетип, полиция окуя болгон жерге тез арада жеткен. Барымтадагыларды бошотуу операциясы 2 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Кол салган адам зыянсыздандырылды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, адам наркологиялык диспансерде каттоодо турат»,-деп […]

Сизге жагышы мүмкүн