Аптанын икаясы: Отоо чөптөр жөнүндө

Автор

Жаздын бир күнүндө небереси менен чоң атасы бакчадагы отоо чөптөрдү тазалап жүрүшкөн. Бир маалда бала: “Чоң ата, эмне үчүн биз айдабаган чөптөр мынчалык жакшы өсөт, а биздин эгип, айдагандарыбыз болсо биздин карообузга, камкордугубузга муктаж болушат?”, -деп сурады.
Анда чоң атасы – “Мына, неберем, өз байкооңдун аркасында сен өзүң үчүн маанилүү ачылыш жасадың: адам үчүн баалуу жана маанилүү нерселердин баары андан көп күч-аракетти талап кылат, ал эми зыяндуу жана керексиз нерселер өзүнөн – өзү өсүп чыгат”, -деп жооп берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Карьера жасагандар үчүн кеңештер

Сөздүн жакшы маанисинде карьерист болуу анчалык деле оңой эмес. Бул көп убакытты жана күчтү талап кылат. Эмесе биз жолуңузду жеңилдете турган практикалык кеңештер бар. Дүйнөдөгү ири компанияларга талапкерлерди издөөнүн белгилүү бир логикасын иштеп чыгышкан. Барган сайын компаниялар белгилүү бир ой жүгүртүүсү, дүйнөгө болгон мамилеси жана андагы орду менен кызматкерлерди жалдоону […]

Сизге жагышы мүмкүн