Аптанасаат: Жакшы сөз акылга азык, жүрөккө дары, денеге кубат болот

Автор

Алла Таала жакшы сөз менен жаман сөздү Ыйык Курандагы «Ибрахим» сурөсүнүн 24-26 аяттарында төмөнкүчө салыштырып баяндаган:

«Алла жакшы сөздү жакшы дарак сыяктуу деп кантип мисал келтиргенин көрбөдүңбү? Анын тамыры бекем, бутактары асманда» (24), «Ар дайым Алланын уруксаты менен мөмө- жемишин берип турат. Алла адамдарга мисалдарды келтирет, мүмкүн алар (Аны) эстеп зикир кылышаар» (25), «(Ал эми) жаман сөз жаман дарак сыяктуу экенине мисал болот. Тамыры жерден жулунган, туруктуу орду жок» (26). Ибрахим сүрөсү, 24-26

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ да мусулман адам ойлонбой сүйлөп, өзүн өзү тозок отуна татыктуу кылып коюусунан эскерткен. Бул дегени ыймандуу адам ар бир сүйлөгөн сөзүнүн маанисине терең, көңүл буруп сүйлөшү керектигин билдирет. Анткени сөздүн адамга берген таасирине маани берүү ар бирибиздин милдетибиз. Сөз тизгинин туура кармаган адам гана ийгиликке жетет. Ошондуктан сүйлөгөн сөзүңдө даанышман болгун! Ар бир сөздүн өз орду, өз убагы бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Түндүк Кореянын ракетасына жооп берүү үчүн АКШнын деңиз флотунун кемеси келди

«Томагавк» канаттуу ракеталары менен куралданган америкалык «Мичиган» атомдук суу астындагы кеме жума күнү Түштүк Кореянын Пусан портуна келгенин Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдирди. “Йонхап” агенттигинин маалыматына караганда, кеме Түндүк Корея Чыгыш деңизди көздөй эки баллистикалык ракета учургандан кийинки күнү келген. Агенттиктин маалыматына караганда, учуруулар АКШ менен Түштүк Кореянын бейшемби күнү […]

Сизге жагышы мүмкүн