Анкарада ТМУ саммитинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Автор

Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы

— Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө.

Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сапатта" ийгилик бүтпөйт

Кечээ “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Нурлан Кудайбердиев Массачусетс технологиялык институтуна толук негизде акысыз өткөн “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин UWIS мектебинин окуучусу Тилек Аскербековду кабыл алып, аны менен баарлашты. Жашоодо жетишкендиктин сыры билим алууда экенин айткан президент, мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалады. Тилек Аскарбековду олимпиадага даярдаган мугалимдерине, университетке […]

Сизге жагышы мүмкүн