Ангела Меркел тууганын, досун же жакындарын кызматка койгон жок

Автор

Германиянын алгачкы жана соңку  Канцлери Ангела Меркел 16 жылдык бийлигинде өлкө экономикасын эки эсеге көтөрдү. 2005-жылы Германиянын тизгинин колго алганда ИДПсы 28.000 евро болсо, 2021-жылы 42.000 еврого көтөрүлдү. Ангела Меркел соода-сатыгын өзү жүргүздү, орто катмар калк ээ болгон жөнөкөй үйдө жашады жана бир гана унаа сатып алды. Ал эч качан тууганын, досун же, жакындарын кызматка койбоду. Көз караштары төп келбесе да, иштей ала турган кишилерди кызматка дайындады. Өкмөттүн өкүлдөрүн бизнес менен алектенүүсүнө тыюу салды. Кайсы бир медиа өкүлдөрү менен жакындашуусуна чек коюп, уруксатсыз маек берүүнү токтотту. Эгер партия өкүлдөрүнөн кимдир бирөө коррупцияга шектелсе, аны кызматтан алып, укук коргоо органдарына тапшырып берди. Ангела айым 350 млрд евро менен өлкө казынасын толуктап, андан кийин кызматтан кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Чет өлкөдө жашаган россиялыктарга пенсия жана башка төлөмдөр каралды

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин чет өлкөдө жашаган россиялыктарга пенсия жана башка төлөмдөрдү Россия Федерациясында же чет өлкөлөрдө ачылган банк эсептерине рубль менен алууга уруксат берген жарлыкка кол койду. Токтомго ылайык Россия Федерациясына каршы санкцияларды колдонуунун шартында төлөнүшү мүмкүн болбогон пенсиялар, өндүрүштүк кырсыктардан жана кесиптик ооруларга байланыштуу милдеттүү социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн