Эсептөө Палатасынын аудиторуна кайрадан Алимжан Байгазаков тандалды. Аны “Альянс” фракциясы көрсөткөнүн парламент жыйынында Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов билдирген. Ал эми “Ишеним ” партиясы Алмазбек Тажиевдин талапкерлигин сунуштаган. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 75 депутат Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин жактырды. Ал 1962-жылы Алай районунда туулган. 1981-жылы Фрунзедеги финансы экономикалык техникумду, 1989-жылы Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
Бүгүнкү доллардын курсу
Бей Май 18 , 2023
Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6 сом болсо, сатуу 88.3 сом чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 51 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/1050869586_0_0_3068_1727_1920x0_80_0_0_6a37e3622a92e790d40d63c71865cef7-850x560-1.jpg)