reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

“Ак шумкарлар” Иран жана Ооганстан менен беттешет

Son Güncelleme :

26 апреля 2023 - 16:13

reklam
“Ак шумкарлар” Иран жана Ооганстан менен беттешет
reklam

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы CAFA Nations Cup турниринин тайпалык оюндарында Афганистан жана Ирандын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында чүчүкулак тартуу аземи өттү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы “В” тайпасында Афганистан жана Ирандын командалары менен жайгашты.

“В” тайпасындагы оюндар 10, 13, 16-июнда Бишкекте, “А” тайпасындагы оюндар 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

 

“В” тайпасындагы оюндардын жүгүртмөсү:

 

  • 10-июнь

Кыргызстан – Афганистан

 

  • 13-июнь

Иран – Афганистан

 

  • 16-июнь

Кыргызстан – Иран

 

Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыкса, экинчи орунга илинген командалар коло медаль үчүн беттешет.

 

CAFA Nations Cup турниринде Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары ойнойт.

reklam
reklam
reklam