reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

«Ак-Тилек-автожол» өткөрүү бекетинде унаалар кезекте турат

Son Güncelleme :

21 ноября 2023 - 15:22

reklam
«Ак-Тилек-автожол» өткөрүү бекетинде унаалар кезекте турат
reklam

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу  УКМК Чек ара кызматынын билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-ноябрь, саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.

«Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

reklam