“Акылман” президенттик лицейи түзүлдү

Автор

Президент Садыр Жапаров “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

 

Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи» мекемеси түзүлсүн.

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу окуп жаткандардын кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алып, аларды окутуунун айрым предметтерин жана деңгээлдерин тандоо жолу менен окуу процессин индивидуалдаштыруу каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарын аяктаган окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт;

 

2) “Акылман” президенттик лицейи түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) “Акылман” президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттарын түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;

 

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайда XIX Азия оюндарынын оту жанды

Бүгүн, 15-июнда Кытайдын Чжэцзян провинциясынын байыркы Лянчжу шаарында XIX Азия оюндарынын оту жагылды. XIX Азия оюндары Ханчжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт. Азия оюндары Кытайда үчүнчү жолу өтөт. 1990-жылы мелдеш Пекинде, 2010-жылы Гуанчжоуда өткөн. Азия оюндарын уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, Ханчжоу шаарында өтүүчү XIX Азия оюндарынын спорттук программасына спорттун 40 […]

Сизге жагышы мүмкүн