Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү тармагындагы эксперттер менен жолугушту

Автор

Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү жана IT технологиялар тармагындагы эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, президенттин администрациясы киберкоопсуздук, булут жана финансылык технологиялар, санариптик трансформация сыяктуу тармактарда жетиштүү тажрыйбага ээ болгон адистердин катышуусунда көз карандысыз эксперттик кеңеш түзүү чечимин кабыл алды.
Анын айтымында, быйыл «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» программасын ишке ашыруу жыйынтыкталып жатат, буга байланыштуу жакынкы жылдарга санариптик мамлекетти куруунун негизги максаттарын, принциптерин жана эрежелерин аныктаган санариптештирүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркиядагы кечээки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти

Түркиядагы кечээки жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгына таянып ЖМК жазышууда. Айрым түрк ЖКМлардын маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 294 адамды түзөт. Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреген. […]

Сизге жагышы мүмкүн