Акылбек Жапаровдун ордуна ким келет?

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чогултулуп жаткан салыктар боюнча түшүндүрмө берди. Ал “менин ордума бир эргул келгиси келип жүрөт, ал өзү да мурда салык кызматын жетектеген”, – деп билдирди. Акылбек Жапаровдун мындай билдирүүсүнөн кийин биздин окурмандар редакцияга байланышып “Ахматбек Келдибеков боюнча сөз болуп жатабы” – дешүүдө. АКШга элчиликке аттанып, бирок, ал жактан оң жооп болбогондон кийин Кыргызстанда эле жооптуу кызмат каралып жатканы тууралуу маалымат тарап жаткан. Акылбек Жапаровдун ким жөнүндө айтканы азырынча белгисиз. Министрлер кабинети Акылбек Жапаров менен Ахматбек Келдибеков экөөнүн ортосунда талашка түштүбү?

Бөлүшүү:
Next Post

Россия менен Украина туткундарды алмашты

Россиянын Коргоо министрлиги 7-мартта Украина менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында россиялык 90 аскер кызматкери кайтарылганын билдирди. Украина президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак 130 украин аскери кайтып келгенин кабарлады. Россиянын Коргоо министрлиги туткунда орус аскерлери өлүм коркунучунда болгонун белгиледи. “Украиналык туткундан бошотулгандардын бардыгына керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн. Туткундан бошотулган […]

Сизге жагышы мүмкүн