

Жогорку Кеңештин «Альянс», «Ынтымак» фракциялары жана «Элдик» депутаттык тобу биргелешип акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөттү.
Мирлан Жээнчороев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынын тизмеси менен катышкан.
Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карап, көпчүлүк добуш менен Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу чечими кабыл алган.