

АКШ Украинага 325 миллион долларлык курал-жарак жана аскердик техниканын жаңы пакетин берүүнү чечти. АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкендин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө абадан коргонуу жабдыктары, HIMARS көп учуруучу ракета системалары үчүн кошумча ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, танкка каршы системалар жана брондолгон унаалар бар экени такталды.