Аксыда сел каптаган үйлөр тазаланды

Автор

Аксы районунун Кара-Камыш айыл аймагында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов сел түшкөн аймактарды жеринен көрүп кооптулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды коюуда.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский фронттогу катуу салгылашуулар жүрүп жаткан багытты атады

Зеленский фронттогу катуу салгылашуулар жүрүп жаткан багытты атады Украинанын президенти Владимир Зеленский эң катуу салгылашуу Покровский багытында жүрүп жатканын билдирди. 26-майда кайрылуусунда «Бүгүн мен генерал Сырский менен сүйлөштүм. Донецк облусундагы Покровское аймагында кармаш кызуу жүрүп жатат. Харьков облусунда, атап айтканда, Волчанск жана Липцы аймактарында да чабуул токтой элек»,-деди ал. Зеленский […]

Сизге жагышы мүмкүн