Айыл чарбасын каржылоо долбооруна  3,3 млрд сом каралды

Автор

2023-жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорун ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 20-апрелге карата бул долбоордун алкагында республиканын 2 миң 933 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,3 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

 

Белгиленгендей, 2013-жылдан бери КР өкмөтү тарабынан ишке ашырылып келе жаткан “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору боюнча дыйкандарга 53 млрд сом насыя берилди. Насыялар ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн 123 миң 727 чарбалык субъектиге берилген.

 

Анын ичинен:

 

– “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 34,08 млрд сом суммасында 98 404 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;

 

– “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 8,14 млрд сом суммасында 22 854 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;

 

– “Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү” тармагы боюнча 10,85 млрд. сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Учакты мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылышкан

Омск бажысынын кызматкерлери Россиядан Казакстанга эки орундуу жеңил моторлуу учакты уруксаты жок мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюшту. Мыйзам бузууну бажы кызматынын мобилдик тобу аныктап, унааны Ольховка постунун жанынан текшерүү үчүн токтотушкан. Павлодардагы алуучуга жеткирилиши пландалган учактын салмагы 300 кг, ал эми баасы 3,4 миллион рубль болгон. Учакты экспорттоого тыюу салынып, […]

Сизге жагышы мүмкүн