Айтылуу агартуучу Орхан Инанды асылзат аялзаттарын куттуктады

Автор

Урматтуу асылзат аялзаты!

Сиздерди 8-март майрамы менен куттуктайм! Сиздер, үйдүн куту жана улуттун дөөлөтү гана эмес бүткүл дүйнө жүзүндө улук күчсүздөр. Даанышман энелерибиз менен ак элечектүү апаларыбыз бар болгон үчүн үй-бүлө коломтосу күйүп, Кыргыз элимин уучу уланып келатат. “Бейиш энелердин таман алдында” деп айтылат. Апалар бизди тогуз ай көтөрүп, өмүр бергени үчүн канчалык таазим кылсак да аз. Андыктан, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Урматтуу энелер, эжелер жана карындаштар!

Сиздерге, Жараткандан узун өмүр, кажыбас кайрат, чың ден соолук жана иштериңиздерге албан албан ийгиликтерди каалайм!

Орхан Инанды

Анкара шаары

Бөлүшүү:
Next Post

Журналист Сүлүктү шаарынын мэри болду

Көп жыл телевидение тармагында такшалып, ЭлТР жана 5-каналда үзүрлүү эмгектенип, кийинчерээк “Наждак” телеканалын түптөгөн Болот Абжапаров мындан ары Сүлүктү шаарын жетектейт. Ал буга чейин Ат – Башы районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалаган эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн