Талас мамлекеттик университетине белгилүү дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу кечеңдеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Чойбеков билдирди.
Анын айтымында Талас мамлекеттик университетининин эмгек жамаатынын сунуштамасы көңүл сыртында калып келатат. Депутат протоколдук тапшырма берүүнү тапшырып, губернаторду маселеге көңүл буруусун суранды. Андан сырткары Талас облустук медициналык колледжинин абалы жакшы эмес экендиги айтылып, быйыл тез арада оңдоп, түзөөдөн өткөрүп берүү өтүнүчүн киргизди.
Бетибизди эмне бузушу мүмкүн?
Бей Май 30 , 2024
Бет гигиенанын начардыгы, териге туура эмес кам көрүү, күндүн ашыкча таасири, стресс, туура эмес тамактануу, жада калса генетика сыяктуу ар кандай факторлордон улам бет бузулушу мүмкүн. Бетти бузушу мүмкүн болгон бир нече негизги себептер: 1. Начар гигиена: Бетти жетишсиз тазалоо май, кир жана бактериялардын топтолушуна алып келиши мүмкүн, бул кара […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/3ec7e4ea-eb77-4f1a-a9e3-146e3420bd57.jpg)