Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарга кайрадан кайрылуу жасады

Автор

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова  каргызстандыктарга кайрадан кайрылуу жасады. Атактуу спортчу өзүнүн  аты-жөнүң пайдаланып, жарандарды алдап жаткан шылуундар болуп жатканын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Достор, мен эч кандай лотерея, конкурс жана башка акцияларды өткөрбөйм. Бул тууралуу бир нече жолу айткам жана дагы кайталагандан тажабайм.

Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактардагы шектүү жарнамаларга ишенбеңиздер.

Бүгүнкү күндө маалыматтык жактан сабаттуу болуу учур талабы. Антпесе ар кандай  алдамчылык схемалардын торуна түшүп  каласыздар. Дайыма такталган маалымат булактарына гана ишениңиздер”,- деп жазды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тойдун эрежесин өзгөртүү талкууланат

Бүгүн, 28-ноябрда саат 14:30 да коомдук жана мамлекеттик ишмер, белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков демилгелеген тойдогу ысырапкорчулукту жоюу жана тойдун эрежесин өзгөртүү боюнча жолугушуу иш-чарасы болуп өтөт. Жолугушуу “Достук” мейманканасынын жанындагы Империал залына белгиленген. Өткөн жумада Аскар Салымбеков тойлордун убактысын чектөө, ысырапкорчулукту азайтуу боюнча иш планын түзүп, коомчулуктун талкуусуна койгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн