

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Ош шаар аймагында курулушу 50-60 пайызга бүтүп, токтоп калган жалпы саны 12 балдар бакчалары менен мектептерди быйылкы жылдын эсебинен бүтүрүү маселесин бүгүнкү жыйында көтөрүп, өкмөткө протоколдук тапшырма берди. Андан сырткары Ош шаарынын Транспорт министрлигине караштуу ички жолдоруна каражат бөлүп, оңдоп, түзөөнү тапшырды.