Азыр сабатсыздар толуп кетти

Wp Pw

“Азыр сабатсыздар толуп кетти. Жогорку Кеңеште аябай катасы көп документтер келип жатат. Мындай сабатсыздык өкмөттө, министрликтерде же, бардык эле ишканаларда болуп жатат. Анткени, көп жыл иштеп, такшалган билимдүүлөрдү кетиришип, өздөрүнө караштууларды алып келип алышты”,- деп билдирди депутат Адахан Мадумаров. “Бул абдан коркунучтуу, эгер жөн койсок билимсиздер бир күнү бизди башкарабыз деп чыгышат”,- дейт ал.

Next Post

Адамдардын мээсине чип коюла баштайт

Илон Маскка таандык нейротехнологиялык Neuralink компаниясы компьютерди жана телефонду колдун жардамы жок колдонууга мүмкүндүк бере турган имплантациялык чиптин клиникалык сыноолоруна уруксат алды. Neuralink “технология көптөгөн адамдарга жардам берүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү биринчи кадам” деп атады. Компания ошондой эле жакынкы аралыкта клиникалык сыноолорго катышуучулар боюнча маалыматты жайгаштырууну убада кылды.