reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Азия чемпионатында Кыргызстан төртүнчү орунду ээледи

Son Güncelleme :

17 апреля 2023 - 9:08

reklam
Азия чемпионатында Кыргызстан төртүнчү орунду ээледи
reklam

Азия чемпионатында Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте төртүнчү орун алды.

 

1-орун. Казакстан — 7 алтын, 4 күмүш, 9 коло медаль;

 

2-орун. Япония — 6 алтын, 4 күмүш, 10 коло медаль;

 

3-орун. Иран — 6 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль;

 

4-орун. Кыргызстан — 5 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль.

 

Азия биринчилиги бул жылы 9-апрелден 14-апрелге чейин Казакстандын Астана шаарында өттү. Ага Кыргызстандан күрөштүн үч түрү боюнча 28 балбан катышты.

 

Грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг) коло медаль алышты.

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг) коло медаль тагынды.

 

Эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) коло медалды ээлешти.

reklam