“Азия Кубогу -2023”: “Акшумкарлардын” финалындагы атаандаштары аталды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Азия кубогунун финалдык баскычындагы атаандаштары белгилүү болду.

11-майда Дохада (Катар) турнирдин финалдык бөлүгүнө чүчү кулак ташталып, анда 24 команда 4 командадан 6 тайпага бөлүнгөн.

Кыргызстандын курама командасы Сауд Аравия, Таиланд жана Оман курама командалары менен бирге тайпага кирди.

Командалар бири — бири менен бир жолу ойношот, андан ары 16 команда плей-оффтук баскычка чыгат. Мындан ары дагы үчүнчү орунду ээлегендердин арасында эң жакшы жыйынтык көрсөткөн дагы 4 команда плей-оффко жолдомо алат.

Эске салсак, турнир Катарда 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин өтөт. Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунда өз тарыхында экинчи жолу ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Казакстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.   Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта КР президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.   Эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу […]

Сизге жагышы мүмкүн