

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз ажыларынын алгачкы тобу Меккеге сапар тартышты. Ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барса, ден соолуктарына 20 дарыгер көз салат. Ажылардын акыркы тобу 21-июнда кетишет. Быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 миң орун бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түздү.