Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка транспорт министри Тилек Текебаев кол койду.
Белгилей кетсек, Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу жол чарба департаментинин иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.
Жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын жалпы жамаатка Тилек Текебаев тааныштырып, ага ийгиликтерди каалады.
Израил Рафахтагы качкындар лагерин бомбалады
Дүй Май 27 , 2024
Рафахтагы качкындар лагерин Израил армиясы бомбалады. Окуяда 35 адам набыт болгонун Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Курман болгондордун көбү аялдар жана балдар. Жаракат алгандардын саны тактала элек. Израиль армиясы кол салуу болгонун ырастап, бир нече жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Комплекске чабуул ХАМАСтын согушкерлерин жок кылуу максатында жасалганын түшүндүрүштү. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/05/1906484688_577_0_2625_2048_1280x0_80_0_0_266dd9e5d34e7e9d80ec765c2631cd80-1024x1024.jpg)