9-августка күтүлгөн аба ырайы

9-августка күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9- августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы ыктымал.

 

Күндүз Ысык-Көл, нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолу аймактарында жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

 

Таласөрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…22, күндүз +30…35;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;

 

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус ысыйт.

 

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз  күн ачык болот.  Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот.

Бөлүшүү: