7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы — Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.
Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.
Бирок, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.