5-февралга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-10, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12° суук, күндүз 1…3° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Карим Ага Хан дүйнөдөн кайтты

Принц Карим Аль-Хуссайни Ага Хан IV дүйнөдөн кайтты. Шииттик исмаилиттердин руханий жолбашчысы жана Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын негиздөөчүсү Лиссабондо (Португалия) 88 жашында көз жумду. Бөлүшүү:

You May Like