30-ноябрга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 30-ноябрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1… + 6, күндүз +4 … +9,
Талас облусу түнкүсүн -11…+4, күндүз + 3…8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +6 … +11,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0…-5, күндүз +4 … +9,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0 … +5.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын Андрей Белоусов менен жолугушту

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Пхеньянда стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги билдирди. Түндүк Кореянын лидери Батышты Украинага алыска атуучу куралдарды колдонууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн сынга алды. Ким Чен Ын жолугушуу учурунда АКШ жана Батыш Киев бийлигинин колу менен […]

Сизге жагышы мүмкүн